Түзөтүү мекемеси
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕСИ – эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөөчү жай. КР кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдары боюнча Т. м-нин төмөндөгүдөй түрлөрү белгиленген: үй камагы, жер чектөө камагы, түзөтүү абагы, тарбиялоо абагы, түрмө.